• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ибрагим Жунусов ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 27.02.20. /Кабар/. Бүгүн, 27-февраль күнү Кыргызстадын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Дүйсен Касеинов менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

"Жолугушуунун жүрүшүндө түрк тилдүү мамлекеттеринин маданий байланыштарын өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө ТҮРКСОЙ уюмунун чоң ролу белгиленип, ушул жылга Ноорузду майрамдоонун жана 2020-жыл Өзбекстандын Хива шаарынын түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болуп жарыяланышынын алкагында пландаштырылган биргелешкен иш-чаралар талкууланды", - деп билдиришти министрликтен.

Жолугушууда Жунусов "Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору-2019" жылынын алкагындагы иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүүгө көрсөткөн жеке колдоосу үчүн Касеиновго ыраазычылык билдирген.

Жолугушуунун соңунда Касеинов Кыргызстандын элчисине Чынгыз Айтматовдун жана ТҮРКСОЙ тарабынан жарык көргөн "Уш Арыс" китептерин белек кылган.

Пикир

Оставить комментарий