• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ибрагимов: Аялдар үчүн билим алуунун жеткиликтүүлүгү боюнча көйгөйлөр бар

Коом 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Бишкекте “Өнүгүүдө эмне иштейт” форуму өтүп жатат.

Форум аялдардын укуктарын илгерилетүүдөгү натыйжаларды тездетүү үчүн башкалардын тажрыйбасын колдонууга ачык болгон иш-чаралардын жыйынтыктоочу этабы болуп саналат. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргызстандык эле эмес, чет өлкөлүк медиа өкүлдөрү, саясатчылар да тажрыйбалары менен бөлүштү.

“Сорос-Кыргызстан” фондунун аткаруучу директору Шамил Ибрагимов стереотиптерден эркин болгон жана өзүн-өзү ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар коомду көргүсү келерин айтат.

“Жалпысынан адамдын кадыр-баркы жана бардыгы үчүн зордук-зомбулуксуз жана кысымсыз жашоо жөнүндө айтуу керек. Биз бир нерсени түшүндүрүүгө аракет кылып жатабыз, эл түшүнөт, бирок жалпысынан инфраструктуранын өзү башка. Бизде кыздар жана аялдар үчүн билим алуунун жеткиликтүүлүгү боюнча көйгөйлөр бар. Аялдар менен кыздарга билим берүүнү күчөтүү, аларды экономикалык жактан көз карандысыз кылуу зарыл. Маселени мамлекет кыздар менен аялдар өздөрүн ишке ашыруу үчүн инфраструктураны кантип түзүп жатканын эске ала тургандай кылып коюш керек”, - дейт Ибрагимов.

Пикир

Оставить комментарий