• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ибрагимович "Ювентус" – "Милан" командаларынын жооптук беттешине катышпайт

Спорт 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. "Милан" командасынын чабуулчусу Златан Ибрагимович футбол боюнча Италиянын кубогунун жарым финалынын "Ювентуска" каршы жооптук беттешине катышпайт. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

38 жаштагы оюнчу "Ювентуска" каршы оюнда орой ойногондугу үчүн сары айып кагазын алган. Дагы бир сары кагазды алса, анда оюндан четтетилет. Мындан улам "Миландын" машыктыруучусу Ибрагимовичти жооптук беттешке катышпай турганын билдирген.

Эскерте кетсек, эки команданын оюну 1:1 эсебинде жыйынтыкталган. Ал эми жооптук беттеш 5-мартта өтөт.

Ибрагимович "Милан" командасына ушул жылы кышында келген. Келишимди түзгөндөн бери ал 3 гол киргизген.

Пикир

Оставить комментарий