• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ибраимов Кыргызстандын КМШнын уставдык органдарындагы өкүлү болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 04.10.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ибраимов Эрмек Султанович Минск шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин уставдык органдарындагы Туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Тиешелүү Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Пикир

Оставить комментарий