• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ибраимов менен Кулматов дагы эки айга тергөө абагына калтырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.05.19 /Кабар/. Бүгүн, 2-майда Ленин райондук сотунда Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишибоюнча кезектеги соттук отурум өттү.

Судья айыпталуучуларды эки айга тергөө абагына кармоо тууралуу чечим чыгарып, соттук териштирүү мөөнөтүн да эки айга узартуу чечимин чыгарган.

Эске сала кетсек, борбор калаанын мурдагы эки мэри "Калыс-Ордо" конушундагы мектептин курулушундагы коррупция фактысы боюнча айыпталууда. Алардын иши бир ишке бириктирилген.

Аталган эки мэрге Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана алар менен ымалага келген жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Алар мамлекетке келтирген зыян 94 млн. 884 миң сом деп бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий