• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ибраимов менен Кулматовдун иши: Эксперттер сурак беришти

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 25-октябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов жана 10 адамдын иши боюнча соттук процесс уланды.

Отурумдун жүрүшүндө Бечелов жана Алиев аттуу эксперттер суралды. Ошондой эле сотко кошумча күбөлөрдөн сурак алуу тууралуу өтүнүчтөр келип түшкөн.

Сурактан кийин отурум 28-октябрга жылдырылган.

Эске сала кетсек, мурунку мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К.Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн. 884 миң сомго бааланган.

Пикир

Оставить комментарий