• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ибраимов менен Кулматовдун иши: Кеңешбековадан сурак алуу уланууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.08.19 /Кабар/. Бүгүн, 9-август күнү Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов жана 10 адамдын иши боюнча соттук процесс уланууда.

Күбөнүн айтуусу боюнча, мурун ал мэрияда документтерди кабыл алып иштечү.

“Мен документтерди кабыл алып, бөлүмдөргө таратчумун. Осмонтаев жалгыз келип, бир келишимди берип кеткен. Азыр эсемде жок, так айталбайм, бирок, ал техникалык паспорт болсо керек эле. Ал жер тилкесин бөлүмгө кайтарбоо тууралуу негиздеме алганы келген. Бирок, документтери жетишсиз болгондуктан, баардыгын толуктап кел деген элем. Кийинчерээк жетекчи келип, мага андан документтерди кабыл ал деп айткан”, - дейт Кеңешбекова.

Эске сала кетсек, мурунку мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К.Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн. 884 миң сомго бааланган.

Пикир

Оставить комментарий