• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ибраимов менен Кулматовдун иши: Сот отуруму жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 16-сентябрь күнү Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов жана 10 адамдын иши боюнча соттук процесс уланууда.

Отурумдун жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда мектеп куруу боюнча Финансы министрлигинин жана Бишкек мэриясынын кызматкерлери күбө катары көрсөтмө беришти. Жалпысынан Калыс-Ордодо мектеп куруунун канчалык деңгээлде кажет болгондугу талкууланган.

Судья күбөлөрдүн бардыгынан сурак алып, отурумду 18-сентябрга жылдырган.

Эске сала кетсек, мурунку мэрлер К.Кулматов, А.Ибраимов жана алар менен биргеликте Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурунку жетекчиси С.О жана алар менен кылмыштык сүйлөшүүгө барган жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Бишкектин экс-мэри К.Кулматов боюнча каралып жаткан кылмыш иштеринен мамлекетке келтирилген зыян 94 млн. 884 миң сомго бааланган.

Пикир

Оставить комментарий