• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ибраимов: Сот тутумунда акыркы 15 жылдан бери масштабдуу ротация болгон эмес

Коом 0


Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде кол койгон жарлыкка ылайык, жергиликтүү соттордун айрым иштеп жаткан судьялары башка жергиликтүү сотторго которулду.

Кызыкчылыктардын кагылышуусун, коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо, жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинде калыстыкты камсыз кылуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун сунушуна ылайык, жергиликтүү сотторунун айрым судьялары которулду.

Талас облусунун административдик сотунан Бишкектин Ленин райондук сотуна судья болуп келген Темирбек Ибраимов сот тармагындагы жүргүзүлүп жаткан ротация бүгүнкү күндүн талабы экенине токтолду.

“Сот тутуму боюнча айта турган болсок, акыркы 15 жылдан бери масштабдуу ротация болгон эмес. Ротация – жер-жерлерде сот тутумуна болгон ишенимди арттыруу үчүн болууда”, - дейт ал.

Ибраимов кошумчалагандай, жергиликтүү сотторунда жалпы 312 судья ротацияланды.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен которулган судьялардын тизмеси менен бул жерден таанышууга болот.

Пикир

Оставить комментарий