• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ибраимжанов: Күчтүү Кыргызстанды куруу үчүн бизге тынчтык, ынтымак жана талыкпаган эмгек керек

Коом 0

Бишкек, 31.08.18. /Кабар/. КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов жалпы кыргызстандыктарды Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу кыргызстандыктар жана чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн мекендештер!

Сиздерди эң башкы мамлекеттик майрам – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын жалпы жамаатынын атынан чын жүрөктөн куттуктайм!

Бул өлкөбүздүн ыйык майрам күнүндө баардыгыңыздарга чыӊ ден соолук, узун өмүр жана бакыт-таалай каалайм!

Чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн миңдеген мекендештерибизге жылуу каалоолорум менен бирге алардын мамлекетибиздин өнүгүшүнө болгон салымын өзгөчө белгилеп кетмекчимин. Айрыкча, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен бекитилген быйылкы Региондорду өнүктүрүү жылында, сиздердин мыкты сапаттарыңыздар аймактырыбызды өнүктүрүүгө өбөлгө болмокчу.

Келечекте күчтүү Кыргызстанды куруу үчүн бизге тынчтык, ынтымак жана талыкпаган эмгек керек. Ак ниетибиз, адал эмгегибиз менен Кыргызстандын жаркын келечегин курууга салым кошуу – ар бирибиздин жарандык милдетибиз.

Урматтуу мекендештер! Жерибизде тынчтык болсун, жүрөгүбүздө ыйман орноп, ишибизди ийгилик коштосун! Эгемендүүлүк күнүбүз кут болсун!

Урматтоо менен, КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов.

Пикир

Оставить комментарий