• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ичүүчү суу менен камсыздоо секторунда 2017-жылы кол коюлган макулдашуулардын жалпы суммасы 100 млн АКШ долларын түздү

Өкмөт 0

Бишкек, 17.04.18 /Кабар/. Ичүүчү суу менен камсыздоо секторунда 2017-жылы кол коюлган макулдашуулардын жалпы суммасы 100 млн АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 17-апрелде, Өкмөттүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика-Ата-Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Ата-Мекен» фракцияларына отчет берип жатып айтты.

Өкмөттүн коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдиргендей, премьер өткөн жылы жалпы суммасы 100 млн АКШ долларын түзгөн 7 макулдашууга кол коюлгандыгын, анда кредиттер –47,5 млн долларды, гранттар – 51,3 млн долларды түзгөнүн маалымдады.

Аны менен катар Өкмөттүн 2017-жылдагы ишинин жыйынтыктарын айтып жатып, Сапар Исаков арзан турак жайдын санын көбөйтүү үчүн ипотекалык кредиттер боюнча пайыздык ставка 10-12%дан 8-10 %га чейин түшкөнүн жана баштапкы салымды төлөй албаса, кошумча күрөө коюуга уруксат берилгенин, 2017-жылдын аягына карата «Мамлекеттик ипотекалык компания» тарабынан 2,7 млрд сомго 2440 ипотекалык кредит берилгенин белгилеп кетти.

Андан тышкары Сапар Исаков 2017-жылы бюджеттин эсебинен 5,7 млрд сомго 440 объект каржыланганын, анын ичинде социалдык маданий багыттагы 284 объект, алардын ичинен 98 социалдык объекттин курулушу жана капиталдык ремонту толугу менен бүткөнүн маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий