• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ичүүсү сууга болгон тариф өздүк наркынан төмөн – жогорулатууну талап кылат

Коом 0

Бишкек, 22.05.18. /Кабар/. Бүгүнкү күндө ичүүчү сууга болгон тариф өздүк наркынан 3-4 эсеге төмөн, ага байланыштуу аны 80% чейин жогорулатуу керек. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйындын жүрүшүндө өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев билдирди.

Анын айтымында, 0,5-1,5 литр бөтөлкөдөгү суунун наркы 15тен 25 сомго чейин турат, ошол эле мезгилде Бишкекте ичүүчү суунун 1 кубометри (1000 литр) 5 сом 38 тыйын, айыл жергесинде 3 сомдон жогору.

“Суунун өздүк наркы кызмат көрсөтүү, кармоо жана аны калкка жеткирүү менен бирге кеткен чыгымдар менен чогу каралган. Тариф жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан коюлат жана тарифти жогорулатуу саясатын жүргүзүү алардын кызыкчылыгында эмес”,-деп түшүндүрдү Токтошев.

Пикир

Оставить комментарий