• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ичиро Кумакири: Кыргызстан-Япония аба каттамынын жоктугу япон туристтеринин КРга келишине тоскоолдук кылат

Коом 0

Бишкек, 21-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстан менен Япониянын ортосунда аба каттамынын жоктугу япон туристтеринин КРга келишине тоскоолдук кылат. Бул тууралуу JICA эксперти Ичиро Кумакири бүгүн кыргыз-япон дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган тегерек үстөлдө билдирди.

Анын айтымында, Японияга кыргыз туризми кызыктуу. “Бирок, КРга келген япон туристтердин санын өстүрүүгө тоскоол болгон бир катар учурлар бар. Бул биринчи кезекте аба каттамдарынын жоктугу, өлкөнү дүйнөлүк аренада жарнама кылуунун аздыгы, маалыматтын жоктугу. Японияда Кыргызстан тууралуу абдан аз билишет. Ал эми билгендер түз каттамдын жоктугунан келе алышпайт”, - деди И.Кумакири.

Мындан тышкары, эксперт Кыргызстанга япон ишкерлери кызыкдар экендигин белгиледи. “Бирок алардын Кыргызстан тууралуу маалыматы жок, кайдан алышты билишпейт. Алар ишкерликке кандай мыйзам, кандай милдеттер жана талаптар бар экендигин билишпейт. Кыргызстанда ишкерлик кылууну каалаган шартта да, кантип жасашты билишпейт. Азыр бул маселелерди чечип, ишкерлик чөйрөсүндө өнөктөштүктү жолго салууга жакшы мүмкүндүк бар”, - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий