• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ИИМдин Ички аскерлеринде 9 айдын жыйынтыгы чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринде 2021-жылдын 9 айынын жыйынтыгын чыгарган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин Ички аскерлеринин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйынга ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчылыгынын башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын жетекчилери, жер-жерлердеги аскер бөлүктөрүнүн командирлери орун басарлары менен катышты.

Жыйында республикабыздын түштүк-батыш, түндүк-чыгыш аймактарында орун алган аскер бөлүктөрүнүн командирлери, колбашчылыктын башкармалыктарынын жана өз алдынча бөлүмдөрдүн башчылары өткөн мезгил аралыгында аткарган иштери тууралуу маалымат беришти. Түштүк-батыш аймагында жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн командирлери жыйынга онлайн режиминде катышышты.

Отчет бергендер укуктук тартипти, мыйзамдуулукту жана аскердик тартипти чыңдоо боюнча аткарылган иш-чаралардан тышкары, күзгү-кышкы мезгилге даярдык, коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу боюнча жана алдыда өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоого карата көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кенен баяндама беришти. Жыйында ийгиликтер менен катар кемчиликтерге дагы кенен баа берилип, аларды жоюу боюнча тийиштүү тапшырмалар берилип, анын жыйынтыгы жыл аягында карала тургандыгы эскертилди.

Ички аскерлердин колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов жыйындын катышуучуларынын көңүлүн коюлган тапшырмалардын маанилүүлүгүнө буруу менен өздүк курам күтүүсүз коюлган тапшырмаларды аткарууга дайыма даяр болуусун баса белгилеп өттү.

Пикир

Оставить комментарий