• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ички аскерлердин кызматкерлери Өзгөндө селден жабыркагандарга жардам беришүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. Ички аскерлердин аскер кызматчылары Өзгөн районунун жашоочуларына жардам беришүүдө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун Өзгөн райондук администрация башчысынын биринчи орун басары ИИМдин Ички аскерлеринин 703 аскер бөлүгүнүн командачылыгына Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагынын Кош-Этер айылындагы селдин кесепеттерин тазалоого жардам көрсөтүү жөнүндө кайрылган.

"Бул кайрылууну 703 аскер бөлүгүнүн командачылыгынын жетекчилиги колдоого алышып, 2022-жылдын 2-июнунда 703 аскер бөлүгүнүн (Өзгөн шаары) өзүнчө ротасынын 20 аскер кызматкерин бөлүп берүү жөнүндө чечим кабыл алышкан. Бүгүнкү күндө аскер кызматкерлери айылдын жашоочуларына табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга жигердүү жардам берип жатышат", - деп айтылат маалыматта.

Аталган жерге келген аскер кызматчылары селдин кесепеттерин жоюуга киришип, көчөлөрдү жана короолорду тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Пикир

Оставить комментарий