• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ички чарбалык жол жабылып, малдар агып, жарык өчтү. Лейлейтеги селдин кесепеттери

Кырсык 0

Бишкек, 13.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 13-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам Лейлек районунда сел жүрүп, бир нече турак үйдү суу каптаган.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, болжол менен кечки саат 17:15 чамасында Ак-Суу айыл аймагында Шорбулак сел өтүүчү сайдан сел жүрүп, Чимген айылындагы 2 турак үйдү суу каптаган.

“Андан тышкары Исфана шаарында 1 турак үйдүн жана Ак-Чайыр бала интернатынын жер төлөсүн суу каптады. Жеринде атайын техникалар иштеп жатат”,-деп айтылат маалыматта.

Аксуу айылы менен Каракамар айылын байланыштырып турган ички чарбалык жолдун 4 чакырым аралыгын сел суусу жууп кетип, жол каттамы жабылган.

“Аксуу айылынан 4 мал жана 2 электр столбасы аккан. Натыйжада Аксуу, Чоюнчу, Жаркыштак айылдарында электр жарыгы жок”,-деп билдиришти ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий