• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ички иштер министри Ниязбеков Кытай элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 10.08.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-августта ички иштер министри Улан Ниязбеков Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Улан Ниязбеков бул жолугушуу Ички иштер министрлиги менен Кытай элчилигинин ортосундагы бекем эки тараптуу кызматташтыктын уландысы экенин белгиледи.

Ошондой эле министр министрлик кытай тарап менен кызматташууга чоң маани берип, өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү үчүн күч-аракет жумшоого даяр экендигин айтып, КЭР элчилиги КР ички иштер органдарынын ишенимдүү жана туруктуу өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи.

“Кызматташтык мезгилинде элчилик тарабынан ички иштер органдарынын коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө потенциалын күчөтүүгө олуттуу салым кошулду. Айрыкча, материалдык-техникалык жактан көмөк көрсөтүү боюнча бир топ жакшы мамилелер түзүлгөн. Мындан тышкары, биз Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлиги менен кызматташтыктын жогорку деңгээлине жеткенибизди чоң кубаныч менен белгилейбиз”, - деди Улан Ниязбеков.

Ошондой эле ал өз ара аракеттенүүнү андан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө даяр экенин тастыктады.

Ду Дэвэнь КЭР тышкы иштер министри Ван Инин Кыргызстанга болгон иш сапарынын жүрүшүндө коомдук тартипти камсыздоодо көрсөткөн жардамы, ошондой эле эки өлкөнүн тийиштүү органдарынын ортосундагы достук кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча аткарылган иштер үчүн КР ИИмге ыраазычылык билдирип, кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө даяр экениин ырастады.

Ошондой эле ал Кытай жарандарынын элчиликке кайрылууларынын санынын азайгандыгы боюнча оң тенденция бар экенин, бул албетте, КР ички иштер органдарынын жакшы координацияланган ишинин натыйжасы экенин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тиешелүү маселелер талкууланып, кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары чыңдоо маселелери каралды. Эки тарап тең укук коргоо органдарынын учурдагы кызматташтык деңгээлин жогору баалашып, аны андан ары өнүктүрүү ниетин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий