• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ички иштер министри: Шайлоо таза өтүшү керек

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Ички иштер министри Улан Ниязбеков жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумду өткөрүүгө даярдануу учурунда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо чараларын күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 29-мартта ИИМ башчысы Улан Ниязбеков алдыдагы шайлоого жана референдумду өткөрүүгө даярдануу, анын жүрүшүндө коомдук
тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо чараларын күчөтүү боюнча ИИОнун бардык бөлүктөрүн камтыган онлайн кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеге ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек, жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана референдумду өткөрүүгө даярдануунун жүрүшүндө 13-марттан 27-мартка чейин Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына жалпысынан 55 маалымат катталган. Алардын ичинен 12 кылмыш, 13 материал жорук болуп саналат.

"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча бир катар иштер аткарылды. Алсак, жергиликтүү шайлоого даярдык көрүүдө, референдумду өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо иш-чаралары боюнча комплекстүү иш-мерчем иштелип чыгып, аны аткаруу үчүн жер-жерлердеги башкармалыктарга жана бөлүмдөргө жөнөтүлгөн", -деп айтылат маалыматта.

Аталган иш планда мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо, коомдук тартипти сактоо, шайлоо участокторун жабдыктары менен кайтаруу, шайлоо участокторуна шайлоо бюллетендерин ташуу жана жеткирүү коопсуздугун камсыздоодо тиешелүү чараларды көрүү боюнча уюштуруу иштери каралган.

Өз кезегинде ИИМ башчысы Улан Ниязбеков кеңешмеге катышкан ички иштер органдарынын жетекчилерине берилген тапшырмаларды так жана өз убагында аткарып, кемчиликтерди жоюну талап кылды.

“Шайлоо таза өтүшү керек, добуштарды сатуу же сатып алуу деген болбош керек. Таза шайлоо бул Кыргызстандын келечеги. Биз шайлоо жана референдумду өткөрүү учурунда коомдук тартипти жогорку деңгээлде өткөрүп, ар кандай тартип бузууларга жол бербешибиз керек. Шайлоого байланыштуу бардык материалдар дык+ат иликтенип, мыйзам чегинде гана чечимдер кабыл алынат. Шайлоого байланышкан иштерге ар тараптуу жана калыс тергөө амалдары жүргүзүлсүн. Ар кандай тараптардын кызыкчылыгын көздөгөн чечимдерди кабыл алууга жол берилбесин, шайлоого чейинки үгүт иштеринде коомдук коопсуздук, жол кыймылынын коопсуздугу камсыздалат. Шайлоо учурунда милиция тарапка нааразычылыктар болбосун. Ички иштер органдары борбордук шайлоо комиссиясы, жер-жерлердеги жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, укук бузууларга өз учурунда чаралар көрүлөт”, -деди министр Улан Ниязбеков.

Онлайн кеңешменин жыйынтыгы менен милициянын жогоруда аталган багыттарына байланыштуу кошумча пландар иштелип чыгып, аны аткаруу боюнча иштер белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий