• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Кореяда өтүп жаткан эл аралык саммитке катышууда

Коом 0

Бишкек, 21.10.21. /Кабар/. КР ички иштер министри Улан Ниязбеков Корея Республикасынын борбор шаары Сеулда “Заманбап шарттарда полициялардын өнөктөштүгү” аттуу темада өтүүчү полициялардын жетекчилеринин эл аралык саммитине катышууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган саммит заманбап шартта дүйнө коопсуздугун камсыздоо боюнча ар кайсы мамлекеттердин полицияларынын жетекчилеринин ой-пикирлерин жана алдынкы тажрыбаларын алмашуу максатында Корея Республикасынын Полиция улуттук агентствосу тарабынан уюштурулган.

Аталган саммиттин алкагында Ички иштер министрлигинин жетекчиси Улан Ниязбеков, Корея Республикасынын Полициясынын башкы комиссары Ким Чанг Ёнг жана башка мамлекеттердин полицияларыны жетекчилеринин катышуусунда «Korea Police World Expo» полициялардын кийиминин үлгүлөрүнүн көргөзмөсү болуп өтүп жана Корея полициясынын материалдык-техникалык жабыдыкталышы менен таанышышты.

Пикир

Оставить комментарий