• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Өзбекстанга иш сапары менен барды

Коом 0

Бишкек, 23.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын 22-23-март күндөрү Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков атайын делегациясы менен Өзбекстан Республикасына иш сапары менен барды. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ИИМдин башчысынын Өзбекстанга болгон иш сапары ушул жылдын 11-12-мартында КР президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында болуп өттү .

23-март күнү Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлигинде ИИМдин башчысы, милициянын генерал-лейтенанты Пулат Бобожанов менен расмий жолушуу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде кылмыштуулук менен күрөшүү, тергөөдөн жана соттон изин жашырып качып жүргөндөрдү издөө, чек арага жакын аймактардагы кызматташтык, кесиптик тажрыйбалар менен бөлүшүүнү колго алуу, эки тарап тең кызыкдар болгон башка багыттар боюнча меселелерди талкуулашты.

Улан Ниязбеков жолугушуунун жүрүшүндө ички иштер органдарындагы реформанын жүрүшү, ишмердүүлүккө заманбап маалыматтык технологияларды киргизүүнүн ийгиликтери, кылмыштуулукту азайтуу жана укук бузууларды алдын алуу багытында махалядагы калктар менен иштөөнүн натыйжалары менен таанышты.

Иштиктүү баарлашуунун жыйынтыгы менен тараптар тез арада сапаттуу жаңы деңгээлдеги кызматташууну ишке ашыруу үчүн тутумдуу жана узак убакыттуу чараларды кабыл алууга макулдашууга жетишишти.

Андан соң, Кыргыз Республикасынын ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун жетекчилиги алдындагы кыргыз делегациясынын иш сапарынын жүрүшүндө Ташкент шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын жана ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Өзбек тарап коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукка каршы аракеттенүү, алдын алуу инспекторлорунун ишмердүүлүгүн бул багыттарда жакшыртуу, андан сырткары, жол кыймылынын коопсуздугун комплекстүү башкаруу тутуму менен тааныштырып чыгышты.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин делегациясы Наманган жана Фергана облустарынын ички иштер башкармалыктарынын ишмердүүлүктөрү менен таанышуу иш-чаралары болот.

Пикир

Оставить комментарий