• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ички иштер министри Жунушалиев Баткен облусунда иш сапар менен болду

Аймак 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. 3-сентябрь күнү иш сапарынын алкагында ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Баткен облусунда болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Иш сапардын алкагында ал Кадамжай райондук милициясынын имаратынын курулушу менен таанышты. Ошондой эле ал Лейлек районундагы Интернационал айылында жайгашкан ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын 707 аскер бөлүгүнүн өзүнчө ротасынын имаратынын курулуш иштери менен таанышты.

Ошондой эле ал Баткен районунун Көк-Таш айылындагы ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын имаратынын жаңыдан башталган курулушу менен таанышып, курулуш иштерин тездетүүнү жана ага тиешелүү бардык жардамдар көрсөтүлө тургандыгын айтты. Баткен облусундагы ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын аскердик бөлүгү Баткен облусунун ички иштер органдары менен биргеликте коомдук тартипти, коопсуздукту сактоо, чек ара аймактарында коомдук тартипти сактоо жана стратегиялык маанилүү объекттерди кайтаруу боюнча иштерди аткарат.

Андан кийин министр Баткен облустук милициясында бөлүмдөрдүн, кызматтардын башчылары жана район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйналыш өткөрүп, шайлоо иштерине байланышкан тапшырмаларды берип, өзгөртүүлөр жана кошумчалар киргизилген жаңы мыйзамдардын талаптарын кынтыксыз аткарууну тапшырды. Ошондой эле облустук милициянын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнө токтолуп, кылмыштуулук менен күрөшүү, укук бузууларды алдын алуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча кошумча тапшырмаларды берди. Аны менен бирге мыйзамдуулукту сактоо, эл менен сылык мамиледе болуу, кызматтык тартипти бекем сактоо, жүрүм-турум маданиятын өнүктүрүү боюнча катуу талаптырды койду.

"Ар бир кызматкер алдына коюлган талаптарга жоопкерчилик менен мамиле жасаш керек, биздин милдет элдин тынчтыгы",- деди ал.

Пикир

Оставить комментарий