• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ички иштер министри Жунушалиев Ош облусун кыдырууда — биринчи күндүн жыйынтыгы

Аймак 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Ош шаарында жана Ош облусунда иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

2-сентябрь күнү иш сапардын алкагында Жунушалиев Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылында курулган Кызыл-Кыштак айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жаӊы имаратынын ачылуу аземине катышкан. Жунушалиев имараттын курулушуна салым кошкон жарандарга жана өздүк курамга ыраазычылык билдирип, ИИМдин сыйлыктары менен сыйлаган.

Андан кийин Жунушалиев Ош облустук ички иштер башкармалыгынын бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары менен жыйын өткөргөн. Жыйында министр Ош облусунун милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө кыскача токтолуп, кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук тартипти сактоо багытында кошумча тапшырмаларды берген.

"Калк бизге ишенип, чоӊ үмүт менен карап турат. Коомдук тартипти сактоодо мыйзамдын сакталышына биз жооптуубуз", - деген ал.

Жыйында алдыдагы шайлоого карата көрүлүп жаткан даярдыктар, шайлоо өткөрүүдө коомдук коопсуздукту, тартипти көзөмөлдөө, мыйзамдуулукту сактоо боюнча уюштуруу иштеринин сапатын жогорулатуу керектиги айтылган. Жыйындан соӊ министр ИИМдин Ош шаарында жайгашкан Баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Түштүк аймактык башкармалыгында болуп, андагы өздүк курамдын абалы менен таанышкан.

Ошол эле күнү ал Ош шаарында милиция кызматкерлери үчүн курулуп жаткан 12 кабаттуу (240 батирлүү) турак жайга барган. Ал турак үйдүн курулуш иштери быйыл аяктап, пайдаланууга бериле пландалган.

Андан кийин ал Ош шаарында жаңыдан түзүлүп жаткан милициянын кайгуул кызматынын башкаруу пункту үчүн каралып жаткан имарат менен таанышып чыккан. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов билдиргендей, башкаруу пункту Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндөгү мурдагы автобекеттин имаратынын бир корпусунда жайгашат. Учурда башкаруу пункту үчүн бөлүнгөн корпуста оңдоо иштерин баштоо пландалууда.

"ИИМдин милициясынын кайгуул кызматынын Ош шаары боюнча бөлүмүнө кызматкерлерди сынак менен кабыл алуу уланууда. Учурда биринчи туру аяктап, андан ийгиликтүү өткөн талапкер ИИМдин республикалык окуу борборунда билимдерин бекемдеп жатат. Ош шаары боюнча милициянын кайгуул кызматына 219 кызматкер кабыл алынат", - деп билдирет министрлик.

Иш күндүн соңунда Жунушалиев ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын 703-аскер бөлүгүнө барган. Ал өздүк курам алдында сүйлөп мекен алдында өтөп жаткан кызматтары үчүн ыраазычылык билдирген.

"Кыргызстандын кайсы гана аймагы болбосун кооптуу кырдаал түзүлгөн учурда сиздер ошол жерде болуп жатасыздар. Сиздердин мекенди сүйүп, ак дилден кызмат өтөп жаткандыгыңыздар үчүн ыраазычылык билдиремин. Күжүрмөн аскер бөлүгү катары ар дайым кооптуу кырдаалда даяр экендигиңерге ишенемин",- деген ал.

Жунушалиев аскердик бөлүктүн санитардык пункту, машыгуу залы жана аскер техникалары, жабдуулары менен таанышып чыккан.

Аталган аскердик бөлүк Ош шаарында ички иштер органдары менен биргеликте коомдук тартипти, коопсуздукту сактоо жана стратегиялык маанилүү объекттерди кайтаруу боюнча иштерди аткарат.

Пикир

Оставить комментарий