• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ички иштер министринин биринчи орун басары Чаткал районундагы санитардык-карантиндик посттордун ишин текшерди

Аймак 0

Бишкек, 06.05.20. /Кабар/. Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы санитардык-крантиндик посттордун ишин текшерди. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы маалымдайт.

Министрликтен кабарлашкандай, Сүйүн Өмүрзаков коомдук коопсуздуктун камсыздалып жаткандыгын көзөмөлдөө максатында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы бардык санитардык-карантиндик посттор менен жеринде таанышкан.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Жалал-Абад ОИИБсинин башчысы Кылычбек Жолдошев жана Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев менен бирге Чаткал районундагы бир катар айылдарды кыдырып, абалы менен танышып чыгышты. Ошондой эле жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү, айыл өкмөттүн башчысы менен өзгөчө абал киргизилген жерлердеги коомдук коопсуздукту камсыздоо маселелерин талкуулашты.

"Анда коронавирус илдетинин мындан ары жайылышына жол бербөө максатында көрүлүп жаткан чаралар белгиленди. Андан сырткары, жергиликтүү жашоочулардын кайрылууларына көңүл бурушуп, аны чечүүнүн жолдорун карашты", - деп айтылат ИИМдин басма сөз ккызматы тараткан маалыматта.

Чаткал районунун көчөлөрүндө жана райондун борборунда аталган илдетти болтурбоо максатында санитардык коопсуздукту сактоо зарылчылыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери тынымсыз жүрүүдө. Кайгуул унаалары катуу үн чыгаруучу каражаттар менен коронавирусту алдын алуу чаралары жөнүндө маалымдашууда.

Жергиликтүү тургундарга өзгөчө муктаждык жаралган учурда гана үйдөн чыгууга, аралыкты сактоого жана коомдук жайларга баруудан карманып туруу сунушталат.

"Ошондой эле санитардык-карантиндик постторду ар убак дезинфекциялоо керектиги айтылды. Биринчи кезекте санитардык-карантиндик посттордон азык-түлүк товарларын, дары-дармектерди өткөрүү керектиги белгиленди. Ошону менен катар, ички иштер орган кызматкерлерине атайын коргонуучу каражаттар жеткирилди. Өмүрзаков азыркы кырдаалды жергиликтүү калкка туура багытта түшүндүрүү керектигин белгиледи. Ошондой эле кызматкерлерди жеке гигиенаны сактоо менен өздөрүнүн саламаттыгына да кам көрүүгө чакырды", - деп кошумчалашты ИИМден.

Белгилей кетсек, учурда район аймагына 9 блокпост коюлуп, Каныш-Кыя айылы толук изоляцияга алынган.

Пикир

Оставить комментарий