• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Асанов ыкчам кызматтын жетекчилерине жыйын өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. Бүгүн, 8-октябрь күнү КР ИИМдин борбордук аппаратында ички иштер министринин милдетин аткаруучу, Бишкек шаарынын коменданты Курсан Асанов ИИМдин ыкчам кызматтары болгон Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Криминалдык милиция кызматынын, Тергөө кызматынын башчыларынын катышуусунда жыйын өткөрдү. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анда Курсан Асанов учурдагы абалды жөнгө салуу боюнча коомдук коопсуздукту камсыздоо багытында иштерди аткарууну күчөтүү керектигин айтты.

"Мен бир дагы партиянын кызыкчылыгын көздөгөн эмесмин. Силер дагы ушундай болушуңар керек. Биз коомдук тартип менен коопсуздукту камсыздашыбыз абзел. Тынчтык митингине чыккан жарандарды күч менен куубай, мыйзамдуу жолго өтүшүбүз керек. Менин эшигим милициянын сержантынан жетекчилерине чейин ачык. Биз бири-бирибизди сыйлап, угуп билүүгө үйрөнөлү. Аймактарда иштеген жетекчилерди эч ким бошоткон эмес, алар өз орундарында иштей берет. Эч ким эч кимди кордобойт. Өз ишибизге так болуп, кызматтык милдеттерибизди түз аткаралы. Айрым жарандар мыйзамсыз иш-аракеттерге барып, талап-тоноого аракет кылышууда. Биз мындайга жол бербей, катуу чараларды көрүшүбүз керек",- - деп жыйында Асанов билдирди.

Ошондой эле ИИМдин ыкчам кызматтарынын жетекчилерине өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу коопсуздук чараларын күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берип, ыктыярдуу элдик кошуундар менен бирге мыйзамсыз иш-аракеттерге жол бербөө боюнча иштерди жүргүзүүнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий