• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ички иштер министринин орун басары Сузактагы өзгөчө кырдаал киргизилген айылдарды кыдырды

Аймак 0

Бишкек, 19.03.20. /Кабар/. Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков коомдук тартиптин сакталышын көзөмөлдөө максатында Жалал-Абад областына келди. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Өмүрзаков облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошов менен биргеликте Сузак районундагы өзгөчө кырдаал киргизилген айылдарга барып, коюлган атайын блок постторду текшерүүгө алды.

"Ал посттордо турган милиция кызматкерлери менен жолугуп, кошумча нускамаларды берди. Министрдин орун басары кызматкерлерди карантинге алынган аймакка тыкыр көзөмөл жүргүзүү керектигин жана мыйзамдуулук менен иш алып барып, элдерге сылык мамиледе кырдаалды туура түшүндүрүү зарылдыгын белгилеп, өздөрүн дагы жугуштуу оорунун алдын алууга чакырды. Азыр Благовещенск, Орто-Азия жана Бостон айылдарына 19 пост коюлгандыгын, ошол жерлерде чектөө болоорун, оору тарап кетпөөсү үчүн бизде баары жетиштүү экендигин жана мындан кийин шартка жараша дагы башка чечим кабыл алына тургандыгын белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматта айтылгандай, коомдук тартипти сактоо иш-чаралары күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.

"Ар бирибиз жоопкерчиликтүү мамиле кылалы, коомдук тартипти бузууга жол бербейли. Биз үчүн эң маанилүү байлыгыбыз болгон – ар бир жараныбыздын ден-соолугу жана өмүрү кымбат, ошол себептүү ар бир кызматкер өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылуусу зарыл. Мен муну суранамын жана талап кылам", - деп баса белгилеген Сүйүн Өмүрзаков.

Пикир

Оставить комментарий