• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Октябрь Урмамбетов 3 күндүк иш сапары менен Жалал-Абад облусунда болду

Коом 0

Бишкек, 10.10.21. /Кабар/. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Жалал-Абад облусунун аймагында 3 күндүк жумушчу сапары менен болду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы илдирет.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Ашим Тагаев менен биргеликте ички иштер бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү, кызматкерлерге түзүлгөн шарттарды текшерди.

8-октябрь күнү Аксы жана Ала-Бука РИИБдеринин өздүк курамы менен жолуккан соң Чаткал РИИБне барды. Аба-ырайынын катаал шартында кызмат өтөгөн кызматкерлерге түзүлгөн шарттар, милициянын ишмердүүлүгү менен таанышып, кышкы кийимдер менен камсыздоодо ички иштер министрлигинен колдоолор боло тургандыгын белгиледи.

Андан соң Октябрь Урмамбетов тынымсыз жол жүрүп отуруп Майлуу-Суу ШИИБдин өздүк курамы менен кечке жуук жолугушту. Ал жерде уран калдыктарынан улам жаралган радиацияга байланыштуу айтылган көйгөйлөрдү чечүүгө аракеттер көрүлөөрүн билдирди.

Кечээ, 9-октябрда Урмамбетов Жалал-Абад ОИИБдин имаратында өздүк курам менен жолугушту. Жолугушууга Жалал-Абад, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен ШРИИБдеринин, ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын, ИИМдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын, Жалал-Абад ОИИБы боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн, ИИМдин Күзөт кызматынын Түштүк башкармалыгынын Жалал-Абад шаардык күзөт кызматынын, Жалал-Абад ОИИБдин Кайгуул-күзөт кызматынын жетекчилик курамдары катышышты.

Ички иштер министринин орун басары кызматкерлерди элдин ишенимин актап, ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөөгө чакырды. Алдыда келе жаткан шайлоого байланыштуу агитациялык жумуштарга аралашпоо, коррупциялык көрүнүштөрдөн алыс болуу керектигин эскертти. Шайлоо өнөктүгү учурунда мыйзамдуулукту камсыздап, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте профилактикалык жумуштарды заманга жараша жаңыча ыкмалар менен алып барууга үндөдү. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Ички иштер министрлиги тарабынан коюлган талаптарды аткаруу зарылдыгын белгиледи. Жетекчилик курамга менеджер болуу керектигин айтып, текшерүү учурунда кетирилген кемчиликтерди жоюу тапшырмасын койду.

Жумушчу сапардын алкагында Жалал-Абад ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Ашим Тагаев шайлоого байланыштуу өткөрүлгөн семинар-тренингге катышкан кызматкерлерди алган тажрыйбасын башкалар менен бөлүшүүгө чакырды. Ашим Тагаев ар бир кызматкерге ишеним артаарын, ишеничти актоо зарылдыгын белгилеп, кызматтык тартипти бузбоого, кылмыштуулуктун алдын алууда талыкпастан эмгектенүү керектигин белгиледи.

Күндүн экинчи бөлүгүндө Октябрь Урмамбетов ИИМдин Ички аскерлеринин 704 аскер бөлүгүнө барып, түзүлгөн шарттары менен таанышты. Аскер бөлүктүн кышка карата даярдыгын, техникаларын, курал-жарактарын, күжүрмөн даярдыктарды өтүүчү спорттук аянтчаларын, тамактануучу, уктоочу бөлмөлөрүн көрүп чыкты.

Андан соң Жалал-Абад ШИИБдин өздүк курамы менен жолугушуп, демөөрчүлөр тарабынан алынып келинген электроскутерлерди тапшырды. Октябрь Урмамбетов милициянын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүдө заманбап техникалык жабдуулардын ролу чоң экендигин, бул багытта ички иштер министрлиги тарабынан алгылыктуу жумуштар аткарылып жаткандыгын белгиледи.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун 7-октябрь күнү Токтогул РИИБден башталган 3 күндүк иш сапары кечээ жыйыктыкталды.

Пикир

Оставить комментарий