• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ички иштер министринин жаңы орун басары дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 13.08.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Асанов Памирбек Джумалиевич Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Белгилей кетсек, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов өкмөт башчынын буйругуна ылайык бүгүн ээлеген кызматынан бошотулган.

Белгилей кетсек, Курсан Асанов 2011-жылдан бери ички иштер министринин орун басары болуп келген.

Пикир

Оставить комментарий