• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ички иштер министрлиги коомдук уюмдар менен байланышты өркүндөтүүгө кызыкдар

Коом 0

Бишкек, 23.01.21. /Кабар/. 2020-жылдын 22-январында издөө иш-чараларын жүзөгө ашырууда ыктыярдуу бирикмелер менен өз ара аракеттенүүнүн бирдиктүү тутумун түзүү, ошондой эле биргелешкен иш-чараларды талкуулоо боюнча коомдук бирикмелер менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууга ИИМдин Укуктук камсыздоо жана эл аралык башкармалыгынын башчысы Нурбек Жангабылов, аталган башкармалыктын бөлүм башчысы Кеңешбек уулу Олжобек, Бишкек ШИИББнин башчысынын орун басары Нурбек Калыкеев, Чүй ОИИББнин башчысынын орун басары Каныбек Абдрахманов, "Куткаруучу" аттуу кинологиялык борборунун төрайымы Елена Гатижская, "Демилгелүү жаштар борбору" коомдук бирикмесинин төрагасы Алмаз уулу Аскар, "Куткаруучулардын ыктыярдуу отряды" коомдук бирикмесинин төрагасы Валерия Садыгалиева катышты.

Нурбек Жангабылов белгилегендей, коомдук бирикмелердин ишмердүүлүгү министрликтин жетекчилиги тарабынан да, жергиликтүү калк тарабынан да ар дайым колдоо табат. Ички иштер министрлиги коомдук уюмдар менен байланышты мындан ары өркүндөтүүгө ар дайым кызыкдар. Учурда Ички иштер министрлиги интернет жана социалдык тармактарды колдонуу аркылуу жарандык коом менен өз ара аракеттенүү боюнча жигердүү иш алып барууда.

В.Садыгалиева жарандык коом менен милиция өз ара байланышы чоң потенциалга ээ экендигин белгиледи. Анын айтымында, милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон жарандарды издөөдө жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн өз жумуштарында колдонууда көптөн бери кызматташып келишет.

“ДЖБ" коомдук бирикмесинин төрагасы Алмаз уулу Аскар катышып отургандардын ой-пикирин колдоп, дайынсыз жоголгондорду издөөдө гана эмес, милицияга жардам берүүгө даяр 1000ден ашуун ыктыярчылар бар экендигин айтты, коомдогу туруктуулукту сактоого жардам керек болгон башка иш-чараларга катышууга даяр экендиктерин билдирди.

Бишкек ШИИББнин жана Чүй ОИИББнин башчыларынын орун басарлары коомдук бирикмелердин төрагаларын жарандардын коопсуздугуна байланыштуу бардык маселелер боюнча кызматташууга даяр экендиктерине ишендиришти.

Пикир

Оставить комментарий