• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ички иштер министрлиги Курсан Асановдун билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 02.03.20. /Кабар/. КР Ички иштер министрлиги ИИМ башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановдун билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди.

Түшүндүрмөнү толугу менен өзгөртүүсүз беребиз:

"2019-жылдын 7-август күнү саат 20:00до нөөмөт бөлүмүнө Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылынын жогорку бөлүгүндө атышуу болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Ошол убакта ички иштер министри орун басары менен Солтон-Сары аймагындагы окуя боюнча Нарын облусунда, экинчи орун басары Балыкчы шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) багыты боюнча өткөрүлүп жаткан иш-чарада жүрүшкөн. Жогорудагы билдирүү түшкөндөн кийин нөөмөткер тарабынан ички иштер министринин орун басары катары К.Асановго маалымдалып, ал Кыргыз Республикасынын ИИМдин ченемдик-укуктук актыларына ылайык окуя болгон жерге барып, ыкчам кырдаалды баалап, түзүлгөн кырдаал тууралуу маалымдоо менен күчтөрдү жана каражаттарды санап, өздүк курамдын экипировкасын камсыздап иш-аракеттерди көрүш керек болчу. Кыргыз Республикасынын ИИМ жетекчилигинин жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн бир канча чалууларына жалган жооп берип, окуя болгон жерде жүргөндүгүн жана өздүк курамды жетектеп жаткандыгын айткан. Бирок, жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында, андан сырткары, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында К.Асанов 20:00дөн 21:20дө чейин "Пинара" мейманканасынын ресторанында достору менен тамактанып жаткандыгы уюлдук телефонун текшерүүгө алганда аныкталган. Саат 21:28де арадан 1,5 саат өткөндөн кийин гана Кой-Таш айылынан 5 км аралыкта жайгашкан Горная Маевка айылынын жолунда жүргөн ИИМдин, Чүй облустук жана Бишкек шаардык ИИББдин өз алдынча кызматтарынын өздүк курамына барган. Окуя болгон жерге келген К.Асанов ыкчам кырдаалды баалабай, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана А.Атамбаевди мажбурлап алып келүү боюнча иш жүргүзүп жаткан УКМКнын кызматкерлерине жардам көрсөтүү боюнча тиешелүү уюштуруу иштерин көргөн эмес. Ушулардын негизинде ал Кыргыз Республикасынын ИИОнун ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылардын талаптарын бузган. Эгерде К.Асанов Кой-Ташка 21.28 минутада эмес, өз убагында же башкача айтканда, ага нөөмөт бөлүгүнөн билдирүү келип түшкөндө саат 20.00 угаары менен келген болсо али кеч кире элек болчу, А.Атамбаевдин тарапташтары аз санда гана болушкан жана УКМКнын "Альфа" кызматкерлери барымтага алынган эмес убакыт эле. Дал ушул мезгил ичинде К.Асанов тиешелүү уюштуруучулук чараларды көрүүнү колго алуу мүмкүнчүлүгү болгонуна карабастан кемчилик кетирген, өз убагында коомдук тартипти камсыздай турган болсо, анда анын аракетинен бардык кырсыктуу окуялар болбой, тактап айтканда, Чүй ОИИББдин башчысы С.Курманкулов жана башка анын жанында жүргөн кызматкерлер денесинен ар кандай жаракаттарды алышмак эмес. К.Асановдун өз убагында зарыл болгон баардык чараларды көрбөгөнүнөн, андан сырткары, чечимдерди кабыл алууда убакыттын создурулганы А.Атамбаевдин агрессивдүү тарапташтарынын топтолуп, милиция кызматкерлеринин иш-аракеттерине тоскоолдук жаратуу менен таштарды ыргытып, оор жаракаттарды алууларына, "Альфа" кызматкерлерин барымтага алынуусуна, ок атуучу куралдарды тартып алууга мүмкүндүк жаратып, жарандардын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунучтар жаралмак эмес. Мунун баары ИИМдин, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын ИИББнын бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин көрсөтмөлөрүндө тастыкталат. Ички иштер министри Нарын облусунан Кой-Таш айылына 01:00дө келгенден кийин гана тынч элдин арасынан жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында дагы курмандыктар болуп кетишин алдын алуу максатында ИИОнун кызматкерлерин жайгашкан жеринен алып кетүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Жогорудагы аталган жагдайлар жана себептер жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында жана сотко чейинки өндүрүштүн алкагында аныкталган. Андан сырткары К.Асанов өз билдирүүсүндө "ал Атамбаевди суракка алып келүү жөнүндө тапшырманы аткаргандыгын" айтып, коомчулукту адаштырып жатат. Анткени сотко чейинки өндүрүш боюнча бардык аракеттер тергөө тапшырмасы боюнча ишке ашырылат жана муну аткарууну ага эч ким тапшырган эмес. Мунун негизинде ал өзүнүн билбестигин көрсөтүп, Жазык-процесстик мыйзамынын элементардык нормаларын билбегендигин тастыктоодо. А.Атамбаевди мажбурлап алып келүү жөнүндө тапшырманы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы УКМКга тапшырганын баса белгилеп кетүү керек", - деп айтылат ИИМдин түшүндүрмөсүндө.

Пикир

Оставить комментарий