• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ички иштер министрлиги митингдин катышуучуларын тарап кетүүгө чакырууда

Коом 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Ички иштер министрлиги "Ала-Тоо" аянтындагы митингдин катышуучуларын тарап кетүүгө чакырууда.

КР ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, митингдин катышуучуларынын арасында спирт ичимдиктерин ичип алгандар бар.

"Ички иштер министрлиги Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” аянтындагы митингдин катышуучуларын тарап кетүүгө чакырат. Акцияга катышуучулардын арасында спирт ичимдиктерин ичип алып жүргөндөр, коомдук тартипти бузууга аракет кылгандар бар. Жарандардын ден-соолугуна коркунуч жаралса же дагы башка жагымсыз окуялар болуп кетсе, ага жоопкерчилик митингдин уюштуруучуларында, тактап айтканда, бир канча партия лидерлеринде жана алардын активдүү мүчөлөрүндө болоорун эске салабыз. Ошондуктан, жарандардын коопсуздугун сактоо, шаардыктардын тынчтыгын бузбоо максатында митингге катышкандарды тарап кетүүгө чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, "Ала-Тоо" аянтында күн мурун, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого чакырган митинг өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий