• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ички иштер министрлиги шайлоочунун беткабындагы белги боюнча жооп берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов брифинг учурунда добуш берүүгө келген шайлоочунун беткабындагы белги туурасындагы суроого жооп берди.

Журналист Бишкектеги №1117 шайлоо участкасында беткабында белгиси бар шайлоочу добуш бергени келгенин айтып, аталган маалымат текшерүүгө алындыбы деген суроо узатты.

Макилов добуш берүү башталгандан бери 15 маалымат түшкөнүн айтат.

“Бишкектеги шайлоочунун беткабы боюнча дагы маалымат түштү. Учурда текшерүү иштери жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда, саат 08:00дөн баштап өлкө аймагында жана айрым чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүүдө.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 286 талапкер ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий