• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

ИИМ согуштан кийин укук коргоо органдарында кызмат өтөгөн ардагерлерди куттуктады

Жеңишке 75 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Ички иштер министринин орун басары Памир Асанов Улуу Ата Мекендик согуштан кийин ички иштер органдарында кызмат өтөгөн согуштун ардагерлеринен кабар алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Памир Асанов келе жаткан майрамы менен ардагер Павлов Александр Васильевичти ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жана өздүк курамдын атынан куттуктаган.

Жолугушуу учурунда ардагер фашисттерге каршы кантип согушканын, андан соң 30 жылдан ашык ички иштер органдарында кызмат өтөгөндүгү жөнүндө айтып берген.

Ошондой эле Асанов согуш убагында өспүрүм кезинде оорукта кары-картаңдар, аялдар менен бирге иштеп, кийин узак жылдар бою ички иштер органдарында үзүрлүү эмгектенген Чоюнбек Сагынбаевди куттуктады.

Сагынбаев согуш башталган жылы он жашта болгон. Согуштан кийин ал милициянын жогорку мектебинде окуган. Ал ишин аймактык инспектордон баштап, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басарлыгына чейин жеткен.

"Ички иштер министрлигинин атынан ардагерлерге ыраазычылык катары 15 миң сомдон акчалай сыйлык, азык-түлүк жана дары-дармектерди тапшырылды", - деп билдиришти министрликтен.

Ошондой эле ички иштер органдарынын өздүк курамынын атынан согуштун катышуучуларынын жубайлары Динара Шакирова, Нина Ромашова, Тамила Барсукова, Дилнара Жумалиева, Кокон Сагынбаеваларга куттуктоолор айтылып, аларга 5 миң сомдон акчалай сыйлык менен бирге азык-түлүк тапшырылган.

Аны менен катар жергиликтүү ички иштер органдарынын жетекчилери 9-майга карата ардагерлер Каим Исмаилов жана Апас Каскеевди дагы майрамы менен куттукташкан.

Пикир

Оставить комментарий