• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ички иштер министрлигинин Академиясында 125 курсант ант берди

Коом 0

Бишкек, 29.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 29-октябрында Ички иштер министрлигинин Академиясында 1-курстун 125 курсанты ант берди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов, ички иштер органдарынын генералдары жана ардагерлери, ИИМ Академиясынын профессордук-окутуучулук курамы катышты.

Ант берүү аземи ИИМдин Академиясынын Туусун көтөрүү менен башталып, иш-чарага келген коноктор куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Иш-чаранын аягында Академиянын сап майданында курсанттар салтанаттуу марш менен өтүштү.

Пикир

Оставить комментарий