• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ички иштер министрлигинин кызматкерлери ишембиликке чыгышты

Коом 0

Бишкек, 18.09.21. /Кабар/. Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата бүгүн, 18-сентябрда КР Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери аймакты көрктөндүрүү, тазалоо боюнча ишембиликке чыгышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ишембиликке ИИМдин борбордук аппаратынын бардык бөлүктөрүнүн кызматкерлери катышты.

"Керектүү жабдыктар менен кызматкерлер таштандыларды, жалбырактарды жана чөптөрдү чогултуп, тазалашты. Милиция кызматкерлеринин бирдиктүү аракеттеринин натыйжасында бир нече сааттын ичинде министрликтин айланасы көрктөнүп, бардык жер тазаланды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий