• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ички иштер министрлигинин жетекчилиги COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин жетекчилиги COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү, - деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ИИМ башчысы Улан Ниязбеков орун басарлары Нурбек Абдиев, Октябрь Урмамбетов жана Эркебек Аширходжаев менен бирге коронавирус илдетине каршы вакцина алышты.

"Ал эми министрдин биринчи орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков эмгек өргүүсүндө болгондуктан, ал кызматка келгенден кийин коронавируска каршы эмдөөдөн
өтөт. Андан сырткары, ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамына вакцинаны алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий