• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ички иштер министрликтин ишине заманбап технологиялар жардамга келет

Өкмөт 0

Бишкек, 08.06.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Санариптешкен командалык борборун даярдоону текшерип чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

ИИМдин Командалык борбору жол кырсыктарын азайтуу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн бардык күнү-түнү видеобайкоо тутумун интеграциялоого өбөлгө түзөт. Борбордо адамдын жүзүн таануу тутуму киргизилмекчи, ал бардык видеоагымды деталдуу талдап, алдынкы технологияларды колдонуу аркылуу коомдук жана жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча милдеттерди так аткаруу үчүн бардык ички иштер органдарынын ишин бирдиктүү координациялайт.

Борбордо 102 – Кырдаалдык борбору иштеп, кызмат өтөө сапатына он-лайн мониторинг жүргүзүп, жарандардын өтүнмөлөрүнө ыкчам жооп кайтарат.

Өкмөт башчы имараттын курулушун текшерип, оңдоо иштерин өз убагында жана сапаттуу аткаруу боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берген.

«Жаңы командалык борбор биздин милицияга коомдук жана жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өз милдеттерин кыйла сапаттуу аткарууну шарттайт. Иштин максималдуу ачыктыгы, калк менен сапаттуу кайра байланыш жана заманбап технологияларды натыйжалуу пайдалануу гана укук коргоочуларга жарандардын ишенимине ээ болуп, иштин натыйжасын көрсөтүүгө жол ачат. Командалык борбордун иши санариптештирүү саясаты өз жемишин берип жана жарандардын жашоосуна таасирин тийгизип жаткандыгынын көрсөткүчтөрүнүн бири болуп калат, – деди Мухаммедкалый Абылгазиев. – Милициянын сапаттуу ишинен коомдун бийликке ишеними, өлкөдөгү туруктуулук, адамдардын бейпилдиги жана эртеңки күндүн ишенимдүүлүгү көз каранды. Эң заманбап технологияларды колдонуу аркылуу ар бир бала бакчада, мектепте, короодо жана кварталда коопсуздукту камсыздоо менен биздин милициянын таптакыр жаңы образын түзө алабыз».

Өкмөт башчы ИИМдин Санариптешкен командалык борборунун имаратын ишке берүүгө даярдоону, программалык-аппараттык жабдуулары иштеген коомдук жана жол коопсуздугун камсыздоо тутумун жөнгө салынган жана уюшкан интеграциялык камсыз кылуу аркылуу бардык зарыл техника менен жабдууну тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий