• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ички иштер органдары жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ИИМде жумушчу топ түзүлдү

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.03.18 /Кабар/. Ички иштер органдарынын ишин жакшыртуу максатына жана “Ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигине байланыштуу, ошондой эле, “Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндөгү кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодекстерин күчүнө киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, андан сырткары, “Мунапыстын негизи жана аны колдонуунун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргендиктен аны ишке ашыруу үчүн ИИМдин жетекчилигинин, коомдук кеңештин сунушу менен жумушчу топ түзүлгөн.

Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук кеңешинин өткөн жыйынында айтылганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирет. Анда, Кыргыз Республикасынын ИИМдин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөнүн айткан.

Жакында, ИИМде Кыргыз Республикасынын буюрмасына кол коюлуп, жумушчу топту Кыргыз Республикасынын ИИМдин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов жетектөөдө.

Бул жумушчу топтун курамына ИИОнун кызматкерлеринен сырткары, ички иштер органдарынын ардагерлери, коомдук кеңештин мүчөлөрү, эл аралык уюмдун өкүлдөрү жана жарандык активисттер кирди

Пикир

Оставить комментарий