• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ички иштер органдары жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет

Коом 0

Бишкек, 20.03.19. /Кабар/. Бүгүн, 20-мартта Жогорку Кеӊештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 3-окууда каралды.

3-окуудагы мыйзам долбоорун Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрайымы Наталья Никитенко алып чыкты.

Сунушталган мыйзам долбоору жаӊы жылдан тарта бир катар кодекстер менен дал келтирүү максатында иштелип чыккан. Сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор ички иштер органдарынын ишин жакшыртууга багытталган.

Долбоор аркылуу ички иштер органдарынын милдеттери же ички иштер органдарынын кызматкерлеринин өз компетенциясынын чектериндеги укуктары такталган. Мындан сырткары, тынч чогулуштарда жалпыга маалымдоо каражаттарынын тоскоолдуксуз иштөөсүн камсыз кылуу жаатындагы ченем зарылдыгын, мыйзамдан четтетүүгө болбостугу белгиленген.

Мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий