• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ички иштер органдарынан мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн 70 кызматкер бошотулган

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.05.18. /Кабар/. 2018-жылдын 4 айынын ичинде Ички иштер министрлигинин (ИИМ) үч кызматкери мыйзамсыз баңгизат каражатын жүгүртүү ишине аралашкан, бардыгы болуп 70 кызматкер иштен кеткен. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.

Анын айтымында, баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү боюнча бардыгы болуп 3 кылмыштуу топ кармалып, анда ИИМдин үч кызматкеринин тиешеси бар экендиги аныкталган.

“Баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштардын саны 458 фактыны түздү. Бул 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11 кылмышка көп. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн баңги заттары, психотроптук каражаттар жана прекурсорлор алынган – 1 тонна 367 кг 12 грамм. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 2 эсеге көп”,-деп билдирди ал.

Андан тышкары, бардыгы болуп КР ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан 2770 материал аткарылып, анын ичинен ИИОнун кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн жарандардын 628 кайрылуусу бар.

“Терс мотивдер боюнча Ички иштер органдарынан 70 кызматкер бошотулса, ээлеген кызматынан 60 кызматкер бошотулган. 954 кызматкер ар кандай тартиптик жазаларды алышкан. Тергөө органдарына 399, ал эми прокуратурага 376 материал жөнөтүлгөн”,-деп түшүндүрдү ал.

Пикир

Оставить комментарий