• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ички иштер органдарында колдонулган терминдеринин сөздүгү чыкты

Коом 0

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. Ички иштер органдарында колдонулган терминдердин (атоолордун) сөздүгү чыкты. Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сөздү орус-кыргыз тилдеринде жарык көрүп, ИМдин Башкы штабынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмчөсүнүн демилгеси менен ИИОнун түзүмдүк бөлүктөрүнүн тилчи адистери менен биргеликте иштелип чыккан.

Китептин бет ачарына ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков, Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Сыртбай Мусаев, Улуттук комиссиянын бөлүм башчысы А. Ишеналиева, Терминологиялык борбордун башкы адиси А. Акынбекова, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы С. Жоошбаев, ИИМдин Башкы штабынын начальниги Б. Кенжегулов, ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгынын начальниги А. Бийбосунов, ИИМдин басма сөз кызматынан Б. Сеитов жана Башкы штабдын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмчөсүнүн кызматкерлери катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан берки мамлекеттик тилдин абалы жана учурдагы көзгө көрүнүктүү көйгөйлөрү кызуу талкууга алынып, мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө, гүлдөшүнө ар бир жаран өз салымын кошууга милдеттүү экендиги баса белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий