• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ички иштер органдарынын 9 айдагы ишмердигинин жыйынтыгы боюнча коллегия өттү

Коом 0

Бишкек, 28.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 28-октябрда Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын 2019-жылдын 9 айынын ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиясы болуп өттү.

ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кКоллегияга Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев, өкмөттүн аппаратынын Коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Азамат Араев, министрдин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын, бөлүмдөрүнүн башчылары, облустук, шаардык ички иштер башкармалыктардын башчылары катышты.

Коллегияда “Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын 2019-жылдын 9 айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жөнүндө”, “Криминалдык милиция кызматынын ишмердиги”, “Соттук-укуктук реформанын жүрүшү жөнүндө” жана башка ар түрдүү маселелер каралды.

Коллегияда биринчи маселе боюнча ИИМ башчысынын биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков өз баяндамасында, ички иштер органдарынын 2019-жылдын 9 ай ичиндеги уюштуруучулук жана ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтер менен жетишкендиктерди белгилеген.

"Ал негизинен үч бөлүктөн турган ички иштер оргндаранын ишмердүүлүгүндөгү жалпы жеткишкендиктер, орун алган кемчиликтер жана коюлган тапшырмалардын сапаттуу аткарылышы боюнча баяндама жасады. Өмүрзаков өз сөзүндө 2019-жыл региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жөнүндөгү өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгынын алкагында, өкмөттүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасынын негизинде ИИМ тарабынан тиешелүү иш мерчемдер түзүлүп жыйынтыгында реформа, соттук-укуктук реформа, эл аралык кызматташтык багытында ийгиликтер бар экендигин баса белгиледи. Алсак, 2019-жылдын 1-январынан тарта ички иштер органдарында “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри, “Бузуулардын бирдиктүү реестри” ишке киргизилди", - деп билдиришти ИИМден.

Тергөөнүн ачыктыгын камсыздоо үчүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында, Ош облусунун Кара-Суу районунда эл аралык талапка жооп берген атайын сурак жүргүзүүчү “Венециялык терезе” бөлмөлөрү ачылган.

Өлкөнү санариптештирүү иш-чарасынын алкагында, жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн Чүй, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарында “Бирдиктүү терезе” мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр ачылып, ишке киргизилгендигин белгилеген.

Ошондой эле “Бирдиктүү терезелерди” сентябрь айынан баштап, 2 шаардык, 9 райондук аймактарда (Токмок, Кара-Көл шаарларында, Жайыл, Ала-Бука, Алай, Кара-Кулжа, Кадамжай, Лейлек, Кочкор, Ысык-Көл, Кара-Буура райондорунда) ишке киргизилди.

Жогорудагы аталган маанилүү багыттардын негизинде, ИИМ тарабынан бир катар иштер жүргүзүлдү. Мисалы: Өлкөбүзгө келген туристтердин коопсуздугун камсыздоо максатында, Бишкек жана Ош шаарларында, Ысык-Көл облусунда “Туристтик милициянын” взводдору түзүлүп, материалдык–техникалык жабдуулар менен камсыздалды.

2019-жылдын 4-мартынан баштап, Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймактарында аппараттык-программалык комплекстер орнотулуп, “Коопсуз шаар” долбоору иштеп баштады. Анын алкагында, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгында “Мониторинг борбору” ачылды.

Учурда "Коопсуз шаар" долбоорун андан ары ишке ашыруу үчүн 306 жерге аппараттык -программалык комплекстерди орнотуу пландалып жатат. Аталган долбоорду өлкөнүн башка аймактарына жайылтуу менен коопсуз көчө, коопсуз район аталыштагы баскычтарга жетүү үчүн Бишкек шаарынын 6 кичи районунда “Коопсуз район” долбоорун ишке киргизип, ал районго 72 даана видео-камералар орнотулуп, коопсуздук көзөмөлдөнүүдө. Ушундай эле долбоор Бишкек шаарынын 11, 12 жана “Асанбай” райондорунда ишке ашыруу үчүн иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле Бишкек шаары боюнча жол кыймылын жана коомдук коопсуздукту камсыздай турган “Милициянын кайгуул күзөт кызматы” түзүлүп, талапкерлер конкурс аркылуу жумушка кабыл алынып, биринчи этабы менен аяктагандар “Командалык борбор” менен бирге жакын арада ишке кирмекчи.

“Командалык борбор” аталышындагы санариптешкен борбор түзүлүп, жакын арада ишке кирет. Командалык борбордун негизги милдети, кылмыш болгон жерге ыкчам чыгуу, коомдук коопсуздукту, жол коопсуздугун камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү күчөтүү болуп эсептелинет. Ошого байланыштуу, эл аралык донорлордун жардамы менен адамды тануу жөндөмдүүлүгү бар 60 даана видео-камера жана аны иштетүүчү аппараттар менен санарип каражаттары алынып келинип, борборго орнотуу иштери жүргүзүлдү,-деди Сүйүн Өмүрзаков.

Коллегиянын жүрүшүндө Кашкар Джунушалиев борбордук аппараттын жана жер-жерлердеги кызмат башчыларынын жетекчилик уюштуруучулук-иштеринин өз деңгээлинде уюштурулбагандыгын, жетекчилик ролдун деңгээли, төмөндөп кеткендигин, белгиленген иш-чаралар тиешелүү деңгээлде аткарылбай жаткандыгын сынга алды.

Коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулуктун алдын алуу багытында жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында да милицияга жүктөлгөн милдеттер боюнча мамлекеттин жана элдин алдында ички иштер органдарынын тиешелүү бардык жетекчилери жооптуу экендиги да айтылды.

Коллегияда ИИМдин жол кыймылынын коопсузудугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, Ички Аскерлердин, Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын, Бишкек шаардык, Чүй жана Жалал Абад милиция башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын башчыларынын коомдук тартипти сактоодогу, кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү ишмердүүлүгү толугу менен электен өткөрүлдү. Ошондой эле ички иштер органдарынын ички кызматтык тартиби тууралуу да катуу сөз болду.

Айрыкча, Кашкар Джунушалиев ИИМдин жол кыймылынын коопсузудугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ишмердүүлүгүн катуу сынга алды.

Алсак, 2019-жылдын 9 айында республиканын аймактарында жол кырсыгы 4179дан 4694ка көп катталып, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу +12,3%ге жогорулап, анын кесепетинен каза болгондордун саны +9,2%га (484төн 529га), жаракат алгандардын саны +14,3%га (6353төн 7265ке) өскөн.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-жылдын июлундагы токтому боюнча 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык жол-транспорттук кырсыктар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттала баштаган.

Автоунаалардын көбөйүшү бул чөйрөдө кошумча тоскоолдуктарды жаратууда. Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча автоунаа паркы 2010-жылдан тартып өлкөдө 3 эсеге көбөйүп, бүгүнкү күнү 1 миллион 348 миң бирдик автоунаа каражатын түзгөн.

Көчө-жол тармагынын жана жол инфрасктруктуранын өнүгүшүнүн деңгээли автопарктын санынын өсүшүнөн артта калууда. Көп жолдордун параметрлери кыймылдын жана транспорттордун агымына такыр жооп бербейт. Айрым жолдордо ар дайым тыгындар көп болуп, оор кесепеттери менен же транспорттук тыгындарга алып келген жол кырсыктарына учуроодо.

Республиканын жолдорундагы авариялык абал калк жыш жайгашкан ири аймактардагы чоң көчөлөр менен жолдор тыгынга толгон. Мисалга алсак, Бишкектин көчө-жол тармагы 40 миң автоунаага эсептелген. Ал эми, Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күнү 420 000 бирдик автоунаа бар. Бул, 10 эсеге өстү дегенди түшүндүрөт. “Бишкек-Торугарт” менен “Балыкчы-Ананьево-Каракол” унаа жолдору 7000 автоунаа каражаттарына туура келсе, жайкы маалда 40 000 автомототранспорт каражаттары бир күн ичинде өтөт. Ушуга байланыштуу жол-транспорттук кырсыктардын саны өскөндүгү байкалат.

Андан сырткары, жол транспорттук кырсыктар айдоочулардын тажрыйбасынын жоктугунан жана жол кыймылынын эрежелерин билбегендиктен болот. Биздеги маалымат боюнча, жыл сайын республикада 65-70 миң жаран авто каражаттарын башкаруу үчүн күбөлүк алат. Айдоочулардын сапатынын төмөндүгү, жол эрежелеринин коопсуздугун сактабагандыгы да жол кырсыктарына себеп болууда. Албетте жолдорду жарыктандыруу да жокко эсе.

Коллегиянын жыйынтыгы менен бир катар жетекчилерге эскертүүлөр берилип, жыл жыйынтыгы менен алардын ишмердүүлүгү карала тургандыгы баса белгиленди. Ал эми ИИМдин жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын жетекчисине ээлеген кызмат ордуна ылайыксыздыгы эскертилген тартип жазасына кириптер болду жана кыска мөөнөттө ишти колго албаса мындан да катуу чаралар көрүлө тургандыгы эскертилди.

Кызматтык милдеттерди аткарууда жер-жердеги ички иштер органдары тарабынан коомдук тартипти сактоодо жана кылмыш бетин ачууда, баңгизаттарга каршы күрөшүүдө жыйынтыктар жакшы болбой жаткандыгы жана жол кырсыктарынын кескин көбөйүп кеткендигин жана алдын алуу иштеринин аксап жаткандыгын, чечкиндүү уюштуруу иш чаралар көрүлбөй жаткандыгы боюнча ИИМдин кызматтык жетекчилери, региондордогу жетекчилер буга көңүл бурбай жаткандыгы да катуу эскертилди. Биз коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө катуу талаптарды койобуз жана көзөмөлдү күчөтөбүз, деди министр.

Коллегияны жыйынтыктап жатып, Кашкар Джунушалиев өз сөзүндө милициянын ишмердүүлүгү жана негизги багыты калктын милицияга болгон ишенимин жогорулатууга, ошондой соттук-укуктук реформаны ишке ашырууга багытталат. Анткени милиция элге жакын болуп, элге кызмат кылышы керек деген негизги багытты ишке ашыра тургандыгын да баса белгиледи.

Бүгүнкү коллегиянын чечими менен өз алдынча кызматтардын жана бөлүктөрдүн жетекчилери тарабынан көзөмөлгө алынып, аны аткарууга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Коллегиянын бардык кабыл алынган чечимдерин жана сунуштарын да турмушка ашырабыз. Кетирилген кемчиликтерди тез арада оңдоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлсүн, - деп баса белгиледи ИИМ башчысы коллегияны жыйынтыктап жатып.

Пикир

Оставить комментарий