• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ички иштер органдарынын криминалисттик бөлүктөрдүн кызматкерлерине окуу курсу өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 29.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ыкчам-криминалисттик борборунун негизги уюштуруу иш-мерчемине ылайык, Балыкчы шаардык ИИБнын имаратында Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Баткен облустук жана Ош шаардык ИИБнын криминалисттик түзүмдүк бөлүктөрүнүн кызматкерлерине “Окуя болгон жерде кароо методикасы” аталышындагы окуу курсу өткөрүлүүдө. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган окуу курсу Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ыкчам-криминалисттик борборунун жетекчилиги тарабынан уюштурулган. Максаты - кылмыштарды тергөө жүргүзүү учурунда окуя болгон жерди кароону уюштуруу боюнча криминалисттик кызматтарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана анын жыйынтыгында квалификациялуу тактама түзүүсүн үйрөтүү булуп саналат.

Маалымат катары; “Окуя болгон жерди кароо методикасы” аталышындагы окуу курсу Криминалистиканын бирден бир түптөөчүсү Ганс Гроссттун мезгилинен бери окуя болгон жерди кароо предмет темасы, терең жана бардык жагынан күнүгө изилдөөнүүдө. Азыркы заманбап тажрыйбада, кылмыштуулук болгон жагдайда, мурункудай эле криминалистикалык далил маалымат алуу кылмыштуулук менен күрөшүүдө негизги маселе болууда. Бул процесс укугунда алып баруучусу болуп, окуя болгон жерди кароо саналат. Аталган тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен алынган далилдер, күбөлөрдүн жана жабырлануучулардын көрсөтмө берүүдөн баш тарттырыш максатында, уюшулган кышмыштуу топтордун жана кылмышкерлердин мыйзамсыз ишмердүүлүк аракеттеринин таасири, азыркы күндө өтө актуалдуу болууда жана алардын саны өсүүдө. Тергөөдө чечкиндүү мүмкүнчүлүктөрдү жана жыйынтыктоочу чечимдерди чыгарууга же болбосо тескерисинче толтурулгус өтө маанилүү маалыматтарды жоготуусуна, окуя болгон жерди кароого байланыштуу. Тергөө амалдары аталышы, окуя болгон жерди кароо жобосун уникалдуугулун эсепке алганда, тергөө системасында илимпоз-криминалисттердин жалпы теориялык жана жеке суроолору кенен изилденген. Кыргыз Республикасынын ИИОнын криминалистикалык кызматтарынын кызматкерлерине, аталган семинарда жогоруда изилдөөлөрдүн негиздерине ылайык методикалар, маалымдамалар, насааттар, сунуштар берилүүдө.

Аталган окуу курсу 27-сентябрынан 11-октябрына чейин өтүп, анын жыйынтыгы менен катышуучуларга тиешелүү сертификаттар тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий