• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматы санитардык-карантиндик посттордо кызмат өтөөсүн улантууда

Коом 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздук аскер кызматынын өздүк курамы Бишкек жана Ош шаарларында, Чүй облусунун аймагында санитардык-карантиндик посттордо кызмат өтөөсүн улантууда. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ички коопсуздук аскер кызматынын өздүк курамы аталган аймактарда күнү-түнү эл коопсуздугун камсыз кылуу менен карантиндик режимдин сакталышына олуттуу салым кошууда. Ошол эле убакта, тосмо-күзөттөрдөн алынган маалыматтар өз учурунда талданып, кайра иштелип, тийиштүү мамлекеттик органдарга, жетекчилерге жеткирилип турат. Муну менен катар эл арасында өзгөчө абал учурунда мыйзамдуулукту сактоо, ар кандай укук бузууларга жол бербөө тууралуу түшүндүрүү иштерин да жүргүзүшүүдө.

Иш-чара учурунда аскер кызматкерлеринин жеке коопсуздугун камсыз кылуу максатында, алар толугу менен керектүү медициналык каражаттар менен жабдылышкан жана талапка жооп берерлик тартипте кийинишкен.

Пикир

Оставить комментарий