• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ички коопсуздук аскер кызматында Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздук аскер кызматында жана аскер бөлүктөрүндө 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Иш-чара Кыргызстандын гимнин аткаруу менен башталды. Андан соң аскер кызматкерлери кыргыз акындарынын мамлекеттик тилге арналган ырларын көркөм окуп, мамлекеттик тилдин маанилүүлүгү, анын аскер кызматында ээлеген орду тууралуу пикир алмашышты.

Аскер кызматкерлерине “Кыргызстанда мамлекеттик тилдин өнүгүшү” тууралуу даректүү фильм сунушталып, ал боюнча ар кандай сунуштар киргизилди.

Белгилей кетчү жагдай, акыркы жылдарда ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматында иш өндүрүшү, өз ара мамилелер, аскердик командалар толугу менен мамлекеттик тилге которулуп, аны өркүндөтүү боюнча алгылыктуу иштер жүзөгө ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий