• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ички коопсуздук аскер кызматында Ооган согушунда курман болгондор эскерилди

Коом 0

Бишкек, 14.02.20. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Ички коопсуздук аскер кызматында Ооган согушунда курман болгондор эскерилди. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Ички коопсуздук аскер кызматынын колбашчысы тарабынан бекитилген пландын негизинде 2020-жылдын 10-15-февралында Ички коопсуздук аскер кызматында Ооган согушунун ардагерлерин сыйлоо, эскерүү жана эрдик сабактары өткөрүлдү.

Ардагерлер 2010-жылы Ош коогалаңында кызматтык милдетин аткарууда каза болгон, Ооган согушунун ардагери подполковник Ибрагим Кулбаевдин эстелигине гүлчамбар коюшту.

Конокторго Ооганстандагы согуш жөнүндө документалдык фильм көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, Ооганстандагы согушка 7 миң 141 кыргызстандыктар катышкан. Ал жакта 300дөн ашык кыргызстандык курман болуп, 4 адам дайынсыз жоголуп, 1500 адам жаракаттарды алышкан.

Пикир

Оставить комментарий