• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ички коопсуздук аскер кызматында жазгы чакыруу башталды

Коом 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. Ички коопсуздук аскер кызматында жазгы чакыруу башталды.

КР ИИМ Ички коопсуздук аскер кызматынын басма сөз кызматы маалымдагандай, КРнын “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы аскердик милдеттери, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, өлкө аймагында жарандарды жазгы мөөнөттүү аскер кызматына жана альтернативдик кызматтарга чакыруу жүзөгө ашырылууда.

"Үстүбүздөгү жылдын 3-июнунан баштап ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын аскер бөлүктөрүндө мөөнөттүү аскер кызматын өтөө үчүн жаш жоокерлерди кабыл алуу жүзөгө ашырыла баштады. Аскерге жаңыдан чакырылгандар аскер бөлүгүнө келгенге чейин жер-жерлердеги аскер комиссариаттарында тийиштүү комиссиялардан, анын ичинде медициналык кароодон да өтүшкөн. Аларды аскер бөлүктөрүндө чоң салтанат менен тосуп алышты, ошол эле учурда коопсуздукту сактоо максатында жаңыдан аскерге чакырылгандарды COVID-19 вирустук инфекциясы боюнча атайын текшерүүдөн өткөрүштү", - деп айтылат маалыматта.

Алар бир ай ичинде “Жаш жоокерлер курсунан” өтүшөт жана КР ИИМДин Ички коопсуздук аскер кызматынын катарында кызмат өтөөгө ылайыктуу болгон негизги талаптарды үйрөнүшөт. Бул даярдоо курсу аяктаган соң, ар бир жоокер ант берет жана андан ары тийиштүү аскер бөлүктөрүнө бөлүштүрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий