• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ички коопсуздуктун аскер кызматында күзгү чакыруу башталды

Коом 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Ички коопсуздуктун аскер кызматында күзгү чакыруу башталды, -деп кабарлайт ИИМ ИКАКтын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, КРнын “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы аскердик милдеттери, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жарандарды күзгү мөөнөттүү аскер кызматына жана альтернативдик кызматтарга чакыруу жүзөгө ашырылууда.

Үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрынан баштап, Кыргыз Республикасы ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын аскер бөлүктөрүндө мөөнөттүү аскер кызматын өтөө үчүн жаш жоокерлерди кабыл алуу жүзөгө ашырыла баштады. Аскерге жаңыдан чакырылгандар аскер бөлүгүнө келгенге чейин жер-жерлердеги аскер комиссариаттарында тийиштүү комиссиялардан, анын ичинде медициналык кароодон да өтүшкөн.

"Аларды аскер бөлүктөрүндө чоң салтанат менен тосуп алышты. Алар бир ай ичинде “Жаш жоокерлер курсунан” өтүшөт жана КР ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын катарында кызмат өтөөгө ылайыктуу болгон негизги талаптарды үйрөнүшөт. Бул даярдоо курсу аяктаган соң, ар бир жоокер мекен алдында ак кызмат өтөө боюнча ант берет жана андан ары тийиштүү бөлүкчөлөргө бөлүштүрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий