• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ички мигранттардын көпчүлүгүнүн орто билими бар

Коом 0

Бишкек, 07.09.18. /Кабар/. Ички мигранттардын көпчүлүк бөлүгү орто мектеп билимин алгандар. Бул тууралуу “Кыргызстандагы ички миграция: социалдык мобилдүүлүккө тоскоолдуктар” аталышындагы тегерек үстөлдүн жүрүшүндө айтылды.

Эл аралык эмгек уюму жүргүзгөн иликтөөгө ылайык, сурамжылоого катышкан ички мигранттардын 39,4 пайызынын мектептеги орто билими бар.

- сурамжылоого катышкандардын 23,6 пайызы орто кесиптик билим алган (кесиптик техникалык окуу жай, училище, техникум);

- 23,5 пайызынын жогорку билими бар;

- 7,9 пайыз толук эмес орто билимдүү (8-9 класс);

- 0,2 пайызынын башталгыч билими бар (1-3 класс);

- 0,2 пайызынын билими жок;

- 0,1 пайыз адам аспирантураны бүткөн.

Пикир

Оставить комментарий