• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ички туризмге басым жасайбыз. Ысык-Көлдүн башчысы быйыл туризм тармагы солгундашы мүмкүндүгүн айтты

Аймак 0

Бишкек, 18.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Былтыр Ысык-Көлдө эс алгандардын 83%ын кыргызстандыктар түздү. Быйыл ички туризмге мындан да көбүрөөк басым жасайбыз, - деп билдирди өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев брифингде.

Анын айтымында, быйыл туризм тармагы солгундашы мүмкүн.

"Былтыр туризм тармагында жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында 83% - кыргызстандыктар, 14% - КМШ өлкөлөрүнөн келген туристтер, 2% - европа өлкөлөрүнөн келген туристтер, 1% - башка өлкөлөрдөн келген туристтер түзгөнү белгилүү болду. Быйыл бардык басымды ички туризмге коюну үмүт кылып жатабыз. Учурда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, даярдыктар көрүлүүдө”, - дейт ал.

Осмоналиев маалымдагандай, даярдыктын негизинде облус аймагында 289 жумушчу курулуш тармагында иштеп жатат.

"Жумушчуларды дыкат текшерип жатабыз. Аткени, Нарындан келген бир жумушчу илдет жуктуруп алган. Саламаттык сактоо министрлигинин алгоритми менен иштөөдөбүз", - деди Осмоналиев.

Пикир

Оставить комментарий