• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ички үзгүлтүксүз авиакаттамдарынын кайрадан жанданышына байланыштуу жүргүнчүлөр үчүн маалымат

Коом 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Ички үзгүлтүксүз авиакаттамдарынын кайрадан жанданышына байланыштуу «Манас» эл аралык аэропорту жүргүнчүлөр үчүн маалымат таратты.

Коронавирустук инфекцияны алып келүүнүн жана жайылышынын алдын алуу максатында, «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропортторунун аэробекет комплекстеринин имаратында буларга гана кирүүгө болот:

-көрсөтүлгөн күнгө карата белеттери бар авиажүргүнчүлөргө;

-жашы жете элек балдарды жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коштоп жүргөн адамдарга.

Мында жаныӊарда басып чыгарылган авиабилет же уюлдук аппараттарда электрондук версиясы болушу керек.

Эл аралык аэропорттордун аэробекеттерине барып, аларды узатып келген жана тосуп жаткан адамдар үчүн кирүү убактылуу чектелген.

Аэропортторго каттоо башталганга чейин – каттам учканга чейин 2 саат мурда эртерээк келүүнү сунуштайбыз. Каттамга каттоо учканга чейин 40 мүнөт калганда аяктайт.

Аэробекеттин кире беришинде бардык жүргүнчүлөр жана жол жүктөрү дезинфекциялоочу туннель аркылуу өтүшөт, ошондой эле дене табын текшерүү үчүн тепловизиондук камералардан жана термометрикалык көзөмөлдөн өтүшөт.

Өзүңүздөрдүн коопсуздугуңуздар үчүн аэробекеттин ичинде беткап тагынууну, социалдык аралыкты (бири-бириңиздерден 1,5-2 метр) сактоону, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу алдын алуу талаптарды жана чараларды колдонушуңуздарды суранабыз.

Клиникалык көрүнүштөр байкалган учурда (жогорку температура, жөтөл, дем алуунун оорлошуусу, чыйрыгуу ж.б.) ооруканага жаткыруу жүргүзүлөт.

Учуп келе турган жүргүнчүлөр үчүн

Коронавирустук инфекцияны алып келүүнүн жана жайылышынын алдын алуу максатында, «Манас», «Ош» жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропортторунда бардык учуп келген жүргүнчүлөр жана жол жүктөрү милдеттүү түрдө дезинфекциялоочу туннель аркылуу өтүшөт.

Бардык учуп келген жүргүнчүлөрдүн дене табын текшерүү жана термометрикалык көзөмөлдөн өткөрүү үчүн тепловизиондук камералар пайдаланылат.

Аэробекеттин ичине кирерде сөзсүз түрдө медициналык беткап тагынуу, социалдык аралыкты (бири-бириңиздерден 1,5-2 метр) сактоо, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык талаптарды колдонуу керек.

Клиникалык көрүнүштөр байкалган учурда (жогорку температура, жөтөл, дем алуунун оорлошуусу, чыйрыгуу ж.б.) ооруканага жаткырылат.

Пикир

Оставить комментарий